• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

18-апрелге карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.04.18. /Кабар/. Эртең, 18-апрелде өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12;

Талас облусунда түнкүсүн 0...-2, күндүз 5...10;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14;

Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 7...12;

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында 18-апрелде мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 10...12 градуска чейин жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий