• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

18-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Эртең, 18-августта өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас,Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32;

Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;

Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34;

Ош, Жалал-Абад облустарында 15...20, күндүз 29...34;

Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27,

Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28 градуска жетет.

Эртең Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий