• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

18-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Эртең, 18-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаай турганын билдирет. Ош менен Жалал-Абадда жамгыр жаайт. Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Аймактарда туман болушу мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз -1…+4,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+6, күндүз -2…+3,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз 2…4° болот.

Пикир

Оставить комментарий