• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

18-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Эртең, 18-февралда Кыргызстадын көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3, Талас облусунда -5...-10, күндүз -2...+3 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4, Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...-8 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5 градус суук болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4, күндүз 0...2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий