• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

18-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. 18-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2...3, күндүз 3…8 градус, Талас облусунда түнкүсүн 0...-6, күндүз 1…6 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9 градуска жетет.

Эртең Бишкек шаарында кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 5…7 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий