• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

18-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Эртең, 18-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35;

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 29...34;

Ош облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 33...38;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 33...38;

Баткен облусунда түнкүсүн 19...24, күндүз 33...38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28.

Эртең Бишкекте түнкүсүн өткөн өтөт, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20, күндүз 33...35 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий