• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

18-июндан тарта Бишкек-Балыкчы поезди жүрө баштайт

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Жайкы туристтик сезонго карата 18-июндан тарта Бишкек-Балыкчы поезди жүрө баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, поезд жумадан жекшембиге чейин каттайт.

Поезд каттамынын жүгүртмөлөрү төмөндөгүчө:

“Бишкек I-Балыкчы” каттамы саат 07.00дө “Бишкек I” темир жол бекетинен жөнөп, саат 11:59да Балыкчыга барат.

Ал эми “Балыкчы-Бишкек I” поезди ошол эле күнү саат 17:15те Балыкчы бекетинен жөнөп, кечки саат 22:03тө “Бишкек I” темир жол бекетине келет.

Билет баалары:

Чоңдор үчүн: 69 сом

Балдар үчүн: 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин, 5 жашка чейинки балдарга акысыз)

Кошумча маалымат үчүн телефондор: +996(312)92-68-40, +996(312)92-68-54.

Пикир

Оставить комментарий