• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

18-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 14-июндан 18-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 14-июнда күндүз тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-июнда күндүз жана 16-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жана Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

16-июнда күндүз тоо этектерде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо, 17-июнда күндүз жана 18-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-18-июндарда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

14-17-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт. 18-июнда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 14-июнда күндүз кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-июнда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жана Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

16-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-июнда күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-июнда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-июнда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-июнда күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-18-июндарда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

16-июнда түнкүсүн кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-июнда күндүз көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо, күндүз, кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-18-июндарда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

14-июнда жана 15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-июнда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 16-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 17-июнда түнкүсун жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 18-июнда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-июнда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 16-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-июнда жана 18-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-июнда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-июнда жана 16-18-июндарда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий