• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

19-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат: жаан жаайт

Коом 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында эртең, 19-майда, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25, Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24.

Ошто, Жалал-Абадда, Баткен облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25, Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24.

Бишкек шаарында эртең түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 22...24 градус болот.

Ош шаарында эртең жаан жаат, түнкүсүн 13…15, күндүз 24…26.

Пикир

Оставить комментарий