• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

18-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. 18-20-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 17-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,

Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,

Нарын облусундатүнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,

Ысык-Көлоблусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий