• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

18-март күнү дин кызматкерлери республика боюнча ишембилик өткөрүшөт

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. 2017-жылдын 18-март күнү айлана-чөйрөнү тазалоо, бак-дарак отургузуу иш-чараларын жүргүзүү максатында республика боюнча дин кызматкерлери ишембилик өткөрүшөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ишембиликке Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, ар бир казыят, райондук баш имам хатибдер, аймактык имамдар жана диний окуу жайлар өздөрүнүн аймагындагы мечиттерди, диний окуу жайларды, карылар, жетимдер үйүн жана кароосуз калган үй-бүлөлөргө жардам берип, тазалоо, актоо жана көчөт отургузуу иштерин жүргүзүшмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий