• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

18-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.03.18. /Кабар/. 2018-жылдын 17-18-мартында туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу сакталат,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Бишкек-Ош автоунаа Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу) кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Эртең, 18-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...3, күндүз 18…23;

Талас облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 17...22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…3;

Эртең, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 20…22 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий