• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

18-октябрга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 14-октябрдан 18-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

14-18-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багытты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

14-18-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

14-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-октябрда күндүз жана 15-18-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

14-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 15-октябрда түнкүсүн тоолуу райондорддо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-октябрда күндүз жана 16-18-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

14-18-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын

ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

14-18-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багытты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий