• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

182 медицина кызматкери Ысык-Көлгө бир жумалык реабилитациялык эс алууга кетти

Ден соолук 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын очокторунда иштеп, COVID-19 жана пневмония менен ооруп чыккан медицина кызматкерлеринин ден соолугун калыбына келтирүү жана реабилитацияны уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүн 10-август күнү Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген 182 медицина кызматкери реабилитациялык эс алуу үчүн "Алтын Жай" пансионатына кетишти.

Алар Ысык-Көлдө бир жума эс алышат.

Эс алууга №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан 2 адам, №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан - 6, №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан - 4, №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан - 6, №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан - 8, №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан - 4, №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан - 6, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан - 15, Улуттук фтизиатрия борборунан - 26, Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар республикалык борборунан - 5, №2 клиникалык төрөтканадан - 10, Улуттук госпиталдан - 6, Соттук-медициналык экспертиза республикалык борборунан - 10, Улуттук онкология жана гематология борборунан - 2, №6 шаардык клиникалылык ооруканасынан - 3, Улуттук хирургиялык борбордон - 2, Шаардык балдар клиникалык ооруканасынан - 13, Ысык-Көл облусунун медицина мекемелеринен 54 адам жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий