• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

184 миңден ашуун салык төлөөчү салыктык кызматтарды онлайн пайдаланууда

Экономика 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 28-сентябрына карата 184 миң 557 салык төлөөчү салык кызматтарын онлайн пайдаланууда. Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, аталган көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 45 миң 559 пайдалануучуга көп.

Алардын ичинен 164 миң 441 салык төлөөчү Salyk.kg “Жеке кабинет” сервиси аркылуу, ал эми 20 миң 116 адам тейлөө операторлору аркылуу салыктык кызматтарды пайдаланууда.

Salyk.kg сервиси жарандарга салык органынын кызматтарын акысыз онлайн пайдаланууга, анын ичинде отчетторду жана салык декларацияларды тапшырууга, салыктарды төлөөгө (анын ичинде патент жана камсыздандыруу полиси үчүн), арыздарды берүүгө, салык кызматы менен кат алышууга, ошондой эле маалымкаттарды алууга жана башка жеткиликтүү инструменттерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул жол-жоболор салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу, анткени салык кызматтарын колдонууга сарпталган убакыт кыйла үнөмдөлөт.

“СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында Salyk.kg жеке кабинети салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында дайыма жакшыртылып турат.

Пикир

Оставить комментарий