• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

186 миң сом жана $800. Ошто жарандардын банктык эсебинен акча уурдагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Компьютердик технологияны пайдаланып, жарандардын банктык эсебинен акча уурдаган 2 адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык милициясынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери аталган кылмышка шектүү жарандарды кармашты. Алар интернет жана компьютер технологияларын пайдаланып, 8 жарандын банктагы эсебинен акчаларды өздөрүнө караштуу башка эсепке, банктык карточкага которуп жүрүшкөн.

Аталган кылмышка шектелип 2000-жылы туулган Б.С. жана 1998-жылы туулган М.Я. аттуу эки жигит кармалган. Милицияга арыз менен кайрылган 8 жарандын эсебинен 186 миң сом жана 800 АКШ доллары уурдалган.

Учурда алдамчылык беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн Ош шаардык соту алардын баш коргоо чарасын карайт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү дагы жабырлануучулар болсо, анда аталган бөлүмгө кайрылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий