• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

19-23-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 19-23-июнь күндөрүнө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 19-июнда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-июнда күндүз жана 20-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

21-июнда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

22-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

22-июнда күндүз жана 23-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-июнда күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий