• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

19-апрелге чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. 14-15-апрелдерде жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Тактап айтканда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 132-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 81-90 чакырымдарында кар күрткү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы зарыл.

Бүгүн, 15-апрелде күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

16-17-апрель күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

19-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 20-21-апрель күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий