• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

19-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-апрелден 19-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

15-19-апрелдерде Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде жана 16-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

16-апрелде күндүз жана 17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

17-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде күндүз жана 19-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-17-апрелдерде жана 18-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде күндүз жана 19 апрелде түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

19-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-16-апрелдерде жана 17-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Талас шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-17-апрелдерде жана 18-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде күндүз жаан жаашы күтүлөт.

19-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-16-апрелдерде жана 17-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-17-апрелдерде жана 18-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде күндүз жана 19-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

19-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-апрелде күндүз жана 16-апрелде тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтулбөйт.

17-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-17-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

19-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-16-апрелдерде жана 17-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-17-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

19-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде жана 16-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

16-апрелде күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

17-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

15-17-апрелдерде жана 18-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде күндүз жана 19-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден , 16-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-апрелде күндүз, 16-апрелде жана 17-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде күндүз жана 19-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-19-апрелдерде Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз бир аз жаан жаашы күтүлөт.

16-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз бир аз жаан жаашы күтүлөт.

17-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

18-апрелде жана 19-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

19-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий