• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

19-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. Эртең, 19-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Басымдуу аймактарда үшүк жүрүшү ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17;

Талас облусунда түнкүсүн 0...-2, күндүз 10...15;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-2, күндүз 8...13;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-2, күндүз 8...13;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 12…14° градус болот.

Пикир

Оставить комментарий