• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

19-апрелге карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Эртең, 19-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт., - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

19-20-апрель күндөрү күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын жүрүшүн, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал багууну кыйындатат.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…23, Таласта түнкүсүн 9…11, күндүз 21…23 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20, Нарында түнкүсүн 3…5, күндүз 17…19 градус.

Ал эми Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…12 күндүз 20…22 градуска чейин жетет.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10 градус, күндүз 21…23 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий