• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

19-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Эртең, 19-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

Күндүз айрым райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус, Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9 градус суук болот.

Ал эми Ошто, Жалал-Абад жана Баткен температурасы түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаашы ыктымал, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус, күндүз 2…4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий