• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

19-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Бүгүн жана эртең өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Эртең, 19-декабрда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл өрөөнүндө 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,

Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...-7,

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 0…-2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий