• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

19-февралга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 19-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 15-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

17-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ал эми 18-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-февралда болсо жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий