• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

19-февралга чейин Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 15-февралда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз болсо Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

16-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-февралда күндүз жана 16-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-февралда күндүз жана 18-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

18-февралда күндүз жана 19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

19-февралда күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий