• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

19-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-январдан 19-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

15-18-январларда жана 19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-январда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

19-январда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 16-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-19-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

15-18-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-январда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

19-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

19-январда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-19-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

15-19-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-19-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 16-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий