• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

19-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Эртең, 19-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында күндүз кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-29, күндүз -5...-10 градус болот.

Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10, ал эми Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10 градус болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7, ал эми Нарында абанын температурасы түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10 градуска чейин жетет.

Эртең борбор калаабыз Бишкекте жаан жаабайт. Түнкүсүн абанын температурасы 0…2, күндүз 8…10 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий