• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

19-январга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 19-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 19-январда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-21-январда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук болушу, 20-22-январларда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий