• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

19-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.05.19. /Кабар/. Эртең, 19-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38, Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32, Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32 градуска чейин жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38 градус болушу мүмкүн.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23 градус, күндүз 36…38 градска чейин жете.

Пикир

Оставить комментарий