• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

19-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-майдан 19-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

15-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-майда түнкүсүн Чуй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-майда күндүз жана 17-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-майда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 19-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

15-майда түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 15-майда күндүз жана 16-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

16-майда күндүз жана 17-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

18-майда жана 19-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-майда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

15-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-майда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

16-майда күндүз жана 17-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

17-майда күндүз тоо этектерде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

18-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-майда күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

19-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-17-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-майда, 16-майда күндүз жана 17-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

18-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-майда күндүз жана 19-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

15-17-майларда жана 18-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

18-майда күндүз жана 19-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-майда күндүз Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, Каракол шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 15-16-майларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

15-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-майда күндүз жана 17-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-майда көпчүлүк түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 19-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий