• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

19-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Эртең, 19-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда 7...12, күндүз 19...24,

Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,

Баткен облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,

Эртең Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий