• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

19-мартка чейин өлкөдө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-марттан 19-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаашы күтүлөт, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн.

14-15-марттарда жана 16-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-мартта күндүз жаан жаашы күтүлөт.

17-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 18-мартта түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. 18-мартта күндүз жана 19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт.

14-15-марттарда жана 16-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 18-19-марттарда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 13-мартта күндүз жана 14-17-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

18-19-марттарда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 16-мартта жана 17-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-мартта күндүз жана 18-19-марттарда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-17-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 18-19-марттарда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-мартта күндүз жана 14-17-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 18-19-марттарда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-мартта күндүз, 15-мартта жана 16-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

16-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

18-19-марттарда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-мартта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 14-15-марттарда жана 16-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

16-мартта күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 17-мартта түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

18-19-марттарда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-мартта түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий