• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

19-мартка карата 200 миңден ашык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-мартына карата 201 миң 972 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 47 миң 941 юридикалык жак, 83 миң 323 жеке ишкер, 25 миң 640 жеке жак, 18 миң 220 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 26 миң 848 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,

- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр,

- менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери,

- юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий