• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

19-марттан 16-майга чейин 24 миң 610 чет элдик жаран Кыргызстандан чыгып кеткен – Боронов

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. 19-марттан 16-майга чейин 24 миң 610 чет элдик жаран Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Бороновдун айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 19-марттан 16-майга чейин биздин өлкөгө жалпы 42 миң 754 жаран келген.

"Ушул эле мезгилде 39 миң 917 жаран биздин өлкөдөн чыгып кеткен. Анын ичинен 24 миң 610 жаран башка өлкөнүн жарандары", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий