• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

19-марттан баштап “Илим жана Билим” каналында окуучулар үчүн видео сабактар көрсөтүлөт

Билим 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарына мөөнөтүнөн мурда каникул берилгендигине байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги Илим жана Билим каналы менен биргеликте видео сабактарды даярдап баштады.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, азыркы учурда Креатив-Таалим билим берүү комплексинин, Бишкектеги А. Молдокулов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын жана башка мектептердин мугалимдери видео сабактарга тартылып, телеберүү даярдалып жатат.

Сабактар 19-марттан баштап ЭлТРдин Илим жана Билим каналы аркылуу эфирге берилет.

Мындан сырткары министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары жайгаштырылган lib.kg/lib/school/ сайтын сунуштайт.

Ошондой эле окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган iBilim (башталгыч класстар үчүн) жана Билим Булагы мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий