• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

19-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Эртең, 19-ноябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда кар жаайт, ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -3…+2 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -1…+1 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий