• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

19-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Эртең, 19-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 3...8,

Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,

Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 3....8,

Эртең, 19-октябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий