• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

19 секундда уктатты! ММА уюмунун мушкери каршылашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды

Спорт 0


Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Румынияда аралаш уруштун Real Xtreme Fighting 35 турниринин алкагында румыниялык Анна Мария Паль Ирандын Самерех Киани мушкерин муунтуу ыкмасы менен жеңип алды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Беттеш дүйшөмбү күнү Румыниянын Сибиу шаарында өткөн. Эки мушкер 56,7 кг чейинки салмакта күч сынашкан.

Жеңиш үчүн румыниялык мушкерге 19 секунд гана керектелди. Ал муунтуу ыкмасын колдонгондо каршылашы эсин жоготкон.

Аталган беттеш Киани үчүн профессионалдык деңгээлдеги алгачкы таймашы болгон. Ал эми, Анна Мария Паль жеңип алып, беш беттеште 2-жолу жеңишке жетти.

Пикир

Оставить комментарий