• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

19-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Эртең, 19-сентябрда өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29 градус, Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21, Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31 градус жылуу болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий