• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

19 жаштагы Мбаппе Франция командасын жеңишке алып келди

Спорт 0

Бишкек, 30.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын 1/8 финалында Аргентина менен Франциянын курама командасы беттешти. Оюн 4:3 эсебинде Франция жеңишти алып кетти.

Оюндун 13-мүнөтүндө Франциянын оюнчусуна орой оюн көрсөткөндүгү үчүн 11 метрлик айып соккусу белгиленди. 11 метрден Гризманн топту тээп эсепти ачты. 41-мүнөтүндө Аргентинанын чабуулчусу Ди Мария 27 метр аралыктан тээп гол киргизди.

2-таймдын 48-мүнөтүндө Мессинин тепкен тобун Меркадонун бутуна тийип, каршылашынын дарбазасына кирди. 57-мүнөтүндө Франциянын коргоочусу Павардын узактан тепкен тобу эсепти 2:2ге айлантты. 64-мүнөтүндө жаш футболист Мбаппеге келген топту ойлонбостон карщылашынын дарбазасына узатты.

4 мүнөттөн кийин кайрадан 19 жаштагы Мбаппе Жирунун чыгарып берген тобун голго айлантты. Кошулуп берилген убакытта, 93-мүнөтүндө Мессинин чыгарган тобун Агуэро башы менен сүзүп эсепти 4:3кө өзгөрттү.

Пикир

Оставить комментарий