• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Женева конвенцияларына карата кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алууга тийиштүү Кошумча протоколго кошулуу жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата кошумча айырмалоочу эмблеманы (III Протокол) кабыл алууга тийиштүү 2005-жылдын 8-декабрындагы Кошумча протоколго кошулуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 13-сентябрында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Женева конвенцияларынын Үчүнчү протоколуна кошулуусу жаңы кошумча эмблема — кызыл кристаллга коргоо көрсөтүүгө негиз болуп берет. Кызыл крест жана кызыл жарым ай эмблемалары сыяктуу эле кызыл кристалл эмблемасына болгон дүйнөлүк таануу жана сый гуманитардык уюмдардын кызматкерлеринин куралдуу кагылышуу жана башка күч көрсөтүү учурларынын курмандыктарына эркин жардам берүүсүн камсыздоого мүмкүндүк түзөт, анын ичинен эч кандай саясий, диний же маданий жактан кошумча мааниге ээ болбогондугу үчүн кызыл кристалл эмблемасын пайдалануу — анын кошумча артыкчылыгы болуп саналат.

Жардам көрсөтүп жаткан адамдарды атайын айырмалоочу белгилердин, эмблемалардын жардамы менен башкалардан бөлүп көрсөтүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий