• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

1996-2018-жылдар аралыгында жол куруу жана оңдоого 2 млрд долларга жакын каражат жумшалган

Экономика 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. 1996-2018-жылдар аралыгында жол куруу тармагына 1 млрд 956 млн доллар насыялык жана гранттык каражаттар алынган. Бул тууралуу ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинде транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов билдирди.

«Жогоруда аталган насыялык каражатка 2079 чакырым жол салынган жана оңдолгон, анын ичинде 310 чакырым жолду куруу жумуштары ишке ашырылып жатат. Андан тышкары, тоннелдер менен эстакадалык көпүрөлөр, дагы башка бир катар курулмалар курулду», - деди министр.

Жол курууда кредиттик жана гранттык каражаттарды Кытайдын Эксимбанк, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы сындуу эл аралык ири каржы мекемелери бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий