• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

19нан 23-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.11.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19нан 23-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 19-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

21-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

21-ноябрда күндүзжана 22-23-ноябларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

24-ноябрда жана 25-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаашы күтүлөт, 25-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий