• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2,3 миң окуучу республикалык олимпиаданын III айлампасына катышат

Коом 0

Бишкек, 15.02.18. /Кабар/. Жалпы билим берүү мекемелеринде билим алган 2 337 окуучу республикалык олимпиаданын III айлампасына катышат,-деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Республикалык олимпиаданын үчүнчү (аймактык) этабы Бишкек жана Ош шаарларында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында үстүбүздөгү жылдын 26нан 27-февраль күндөрү өтөт.

Олимпиада биринчи жолу көз карандысыз уюмдардын катышуусу менен өткөрүлүп жатат. Учурда жер-жерлерде даярдык иштери жүрүп жатат. Берилген билдирмеге ылайык 2 337 адамдын катышуусу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий