• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин айрым райондорунда 2-5-мартта газ берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 28.02.20./Кабар/. 2-марттан 5-мартка чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда газ берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газын берүү токтотулат:

2-4-мартта Бишкек шаарынын Фрунзе көч. №364/3 дарегинде;

3-5-мартта Бишкек шаарынын 7 кичи районунун №53/2, 48/1, 48/2, 49/2, 49/7 даректеринде.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий