• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2-6-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. 2-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

3-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

4-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

5-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-5-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

6-ноябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий