• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эки адам каза болуп, төртөө жабыркады: Ысык-Көлдө болгон жол кырсыгынын кесепети

Кырсык 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолундагы 60-чакырымында жол кырсыгы катталды, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-декабрда болжол менен саат 23:45тер чамасында Чоң-Сары-Ой айылында “Хонда-Степ” жана “Мерседес-Бенц 210” үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам каза болуп, дагы 4 жүргүнчү жаракат алган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келип, каза болгондорду жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий