• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2 айда Кыргызстандын ИДПсы 63 млрд. сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Ички дүң продуктунун көлөмү (ИДП) үстүбүздөгү жылдын эки айында 63 млрд. сомду түзгөн. Макроэкономиканын алдын ала эсептөөлөрү боюнча Улуттук статистикалык комитетинен кабарлашты.

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу анын көлөмү 4,9 пайызга өскөн. Ведомстводон билдиришкендей, “Кумтөр” кен иштетүү ишканаларын эске албаганда, ИДПнын көлөмү 2019-жылдын январь-февраль айында дээрлик 56 млрд. сомду түзүп, 1%га өскөн.

Өндүрүш негизинен өнөр жай, айыл чарба жана дүң, чекене сооданы айлантуунун эсебинен өскөн.

Пикир

Оставить комментарий