• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

2-апрель: Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Республикалык штабдын 2-апрелге карата маалыматына ылайык, өлкө боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен Ош облусунда (Ноокат району) жана Баткен облусунда (Кызыл-Кыя шаары) экиден учур, Ош шаарында бир учур катталды.

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти.

Алар: Жалал-Абад облусунда – 54, Ош облусунда – 30, Чүй облусунда – 5, Баткен облусунда – 3, Ош шаары – 10, Бишкек шаары – 8, Нарын облусунда – 4 жана Ысык-Көл облусунда – 2 адам жуктурду. Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.

-Учурда беш киши реанимацияда жатат. Алардын ичинен жасалма дем алдыруучу аппаратына кошулган экөө оор абалда. Жалпы 2 киши Ноокатта, экөө Ошто, бирөө Жалал-Абадда. Жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, үчөө ооругандар менен байланышта болгондор.

-Пакистандын Абботабад шаарында Кырызстандын 1950-жылкы, 1952-жылкы, 1959-жылкы үч жараны Covid-19 коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды. Алдын ала маалыматка ылайык, бул жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир Россиянын жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн. Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда.

-Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 коронавирусунан айыкты. Аял жана эркек ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустан 5 адам айыкты.

-2020-жылдын 1-апрелине (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 80 млн 552 миң 233 сом акча каражаты түштү. Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар КРнын Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

-Комендатура коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700 өткөрмө кагазын берди. “Алар Бишкек шаарында азык-түлүк жана тамак-аштарды жеткирүү менен алектенишине бул жетиштүү. Азыр, албетте, калаанын чет жакасында айрым көйгөйлөр бар, биз бул маселелерди чечип жатабыз”, - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

-МКК жана МТБМК биргеликте коронавирус боюнча карантинде жаткан жарандарды э-каттоону түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

-Кытай өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 дартын ыкчам аныктоо үчүн 21 миң даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерди берди.

-Бүгүнкү күнгө карата ӨКМдин өткөн суткага статистикасы: - 1 млн 387 миӊ чарчы метр аймак дезинфекцияланды;

- 12 миӊден ашык койка-орундук даярдалды;

- санитардык-карантиндик жана блок-постторго 120 чатыр жана 56 мобилдик турак үй орнотулду;

- обсервациядагы жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө;

- 112 ыкчам номуруна коронавирус боюнча 1004 чалуу түшүп, нөөмөтчүлөр бардык суроолорго жооп беришүүдө;

- ӨКМдин өлкө аймагында иш алып барып жаткан өздүк курамы жеке коргонуу кийимдер (500 даана) жана көп жолку колдонуучу бет каптар (1030 даана) менен камсыздалган;

- 100 тонна ун Ош шаарынан Ноокат районуна, 60 тонна ун Жалал-Абад шаарынан Ала-Бука районуна жеткирилди;

- ӨКМ тарабынан 179 куткаруучу жана 16 унаа тартылды.

Пикир

Оставить комментарий