• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте ушул жекшембиде велосезондун ачылышы болот

Спорт 0

Бишкек, 28.03.23./Кабар/. Бишкекте жекшемби, 2-апрелде борбор калаанын 145 жылдыгына карата "Велосезон-2023" ачылышы болот.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, веложүрүш “Ала-Тоо” аянтынан башталып Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багына чейин уланмакчы.

"Жүрүштү саат 09:00дө баштап,10:30да аяктоо пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, веложарыштын жыйынтыгы менен байгелүү түрдүү сынактар өткөрүлөт. Спорттук иш-чараны Megacom компаниясы, “Велоfriends позитив KG” бейөкмөт уюму борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий